• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта жаңы оңдолгон канал аркылуу миң гектар жерге суу берилип жатат

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Сузакта 5,5 млн сомго оңдолгон канал аркылуу 1000 гектар жерге суу берилип жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Х3 каналында реаблитациялоо жумушу бүткөрүлдү. Тактап айтканда, андагы аймактагы каналдын 2 чакырым 800 метрине латок жаткыруу жумушу бүтүп, гектарлаган талааларга суу жеткирүү жолго коюлду.

Калыбына келтирүү иштеринин алкагында 467 даана латок жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий