• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Ош улуттук драма театрынын алдында КРнын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаардагы билим берүү кызматкерлери катышты.

Т.Сарыбашов мугалим дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесип экендигин белгилеп, коомду тарбиялоодо эмгеги эбегейсиз деп баса белгиледи.

“Мугалим өзүнүн иши аркылуу көптөгөн муундардын дүйнө таанымынын негиздерин түзүп, аларга акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп келишет. Ар-бир мугалимдин билим берүү чөйрөсүндөгү жекече олуттуу салымы сый-урматты пайда кылаары талашсыз. Ошондуктан, өлкөбүздүн урматтуу педагогдоруна чын жүрөгүмдөн алкыш айтып, урматтоомду билдирем”, - деди шаар жетекчиси.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн, жогорку жана орто окуу жайларынын, мектептердин бир нече мугалимдерине Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталары жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чаранын негизинде жалпы билимберүү мекемелеринин "Билим жана чыгармачылык" жарманкеси уюштурулду.

Сыйлоо аземи концерттик программа менен уланып, мугалидерге майрамдык маанай тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий