• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов форуму: Астанадан келген профессор “Жамийла” чыгармасынан үзүндү окуп берди

Коом 0


Чолпон-Ата, 06.10.18. /Кабар/. Назарбаев атындагы окуу жайдын профессору Гүльтас Курмантай жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” романынан үзүндү окуп берди. Профессор Айтматов форумунун экинчи күнү “Кабар” агенттигине берген маегинде белгилүү кыргыз жазуучусунун бардык чыгармаларын жакшы көрө тургандыгын айтып, бирок алардын арасында эң жакшы көргөн чыгармасы “Жамийла” повести экендигин билдирди.

Гүльтас Курмантай Айтматовдун чыгармачылыгы менен жаш кезинде таанышкандыгын айтты. Анын мугалими, залкар жазуучунун досу Зейнула Абдул аны Айтматовдун чыгармачылыгы менен жакындан тааныштырган.

““Кызыл алма” повестин ал Зейнула Абдуллага арнаган”, - деп билдирди ал.

Гультас Курмантай жакында Астанада Назарбаев атындагы окуу жайда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум өткөндүгүн маалымдады.

“Ал ири иш-чара болду, ага дүйнө жүзүнөн белгилүү инсандар келди. Университеттин студенттери бир ай бою жалаң гана Айтматовдун чыгармаларын окушту. Анын повесть, романдары боюнча спектаклдар коюлду. Менин Айтматов тууралуу докладыман кийин, мени бул форумга жөнөтүштү. Форум эң жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бул жерде белгилүү инсандар чогулду”, - деп баса белгиледи ал.

Гүльсат Курмантай Айтматов форуму улана тургандыгын билдирди.

“Дүйнө жана андагы элдер бар кезде жазуучу көтөрүп чыккан көйгөйлөр актуалдуу болот”, - деп кошумчалады ал.

Ал аягында өзүнүн студенттерине жана окуучуларына Айтматовду окугула деп тапшырма берерин билдирди.

“Чыңгыз Айтматов – бул керемет, шедевр жана гений. Ошондуктан да анын чыгармаларын окубай коюуга болбойт. Аны менен кыргыз-казак сыймыктанышы керек. Анын аты аталган жерде биз ар дайым башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий