• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Билим Бишкек" инновациялык борборун ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-мартта Бишкекте "Билим Бишкек" инновациялык борборун ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, директор Рахат Керимбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түркиянын Технологиялык команда фонду жана Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен биргеликте экинчи инновациялык борборду ачуу боюнча келишимге кол койду.

"Билим Бишкек" инновациялык борбордун негизги максаты – таланттуу жаштарга технологияларды иштеп чыгуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процесстерине катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

"Билим Бишкек" жаштардын, студенттердин жана коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетип, билим алмашууга, жаңы долбоорлорду түзүүгө жана илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүчү аянтча болуп калат деген ишеним бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул долбоор таланттуу адистерди тартып, инновациялык, интеллектуалдык менчик экосистеманы түзүү аркылуу жаштардын келечегин жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт жана жаш муундун келечекте туура кесип тандоосуна түрткү берет.

Пикир

Оставить комментарий