• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Сокулук районундагы мобилдик клиниканын иши менен пландан тышкары таанышты

Президент 0


Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды.

Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Жолугушууда медициналык, социалдык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле аларды тынчсыздандырган башка маселелер көтөрүлдү.

Президент жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү стратегиялык милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. “Өлкөбүздүн башкы байлыгы – эл экенин эске алсак, биздин башкы милдетибиз – өлкөнүн ар бир жашоочусунун ден соолугуна кам көрүү”, - деди президент.

Садыр Жапаров быйыл, анын тапшырмасы менен, кезекте тургандарга өлкө бюджетинин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай баштаганын эске салды. Ар бир операцияга 7 миң АКШ доллары бөлүнөт. Кийинки кадам - муктаж болгон бейтаптарга боор, жүрөк жана жилик чучугун трансплантациялоо болуп саналат.

Кайрылууларды уккандан кийин президент Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Тургундар мобилдик комплексти уюштургандыгы жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мульти-диагностикалык комплекс Сокулук районунда үч ай иштеп, андан ары Нарын облусуна жөнөтүлөт. Буга чейин мобилдик клиникада республиканын түштүк облустарынын жашоочулары текшерүүдөн өтүшкөн.


Маалымдама: Долбоор беш жылга эсептелген. Бул мезгил аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек, аппаратура жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылат, ал эми медкызматкерлерге айлык акы төлөйт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттери, анализдер үчүн лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, мобилдик скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ошондой эле ташып алып баруу үчүн микроавтобустар, анын ичинде медициналык тез жардам унаасы бар.

Пикир

Оставить комментарий