• 88.68
  • 95
  • 0.95

Брюсселде Нооруз майрамына карата ири фестиваль өттү

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Брюссель шаарынын Борбордук китепканасында Нооруз 2024 ири фестивалы өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги тарабынан кыргыз диаспоралык уюмдар жана Брюссель шаарынын муниципалдык бийлиги менен биргеликте, ошондой эле башка диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган.

Маданий иш-чарага Бельгия борборунун тургундары жана меймандары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Фестиваль Нооруз майрамын белгилөөчү мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө жана маданий горизонтторду кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын тааныштырууга арналган.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн кыргыз элинин маданий мурастарынын көргөзмөсү, элдик чыгармачылыкка арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Меймандар кыргыз улуттук тамактарынын даамдарын татып көрүп, улуттук кийимчен жаш улан, кыздарынын дефилесин көрүп, ошондой эле улуттук музыкалык аспапта - комузда ойногон ырларды уга алышты. Фестивалдын катышуучуларына улуттук "боз үй" тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий