• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Чүйдөгү жеңил унааларды чыгаруучу заводдун тезинен ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» женил автомобилдерди куроо жана чыгаруу боюнча заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Завод Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, бул инвестициялык долбоор автомобиль тармагын өнүктүрүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт. Ишканада 1 миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы бир катар ишканаларда, анын ичинде IQF технологиясы боюнча тоңдуруу цехи бар өлкөдөгү биринчи логистикалык борбордо, Бишкек канаттуулар фабрикасында жана Сокулук районундагы бут кийим фабрикасында болду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Сокулук районундагы жаңы муниципалдык мал базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Базарда чатырларды, тосмолорду орнотуу иштери жүрүп, тиешелүү коммуникациялар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий