• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандагы сел каптоолор. Энергетика жабдуулары жабыркаган жок

Коом 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын аймактарында катталып жаткан селдин кесепеттеринен энергетика жабдуулары жабыркаган жок. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматтарына таянып, энергетика министрлиги авариялык абалдарды болтурбоого алдын ала чараларды көрөт.

“Селдин айынан эч кандай энергетика жабдууларына зыян келтирилген жок. Болгону кээ бир гана тирөөчтөр кыйшайып калган”, - деп айтты министр.

Ошондой эле Ибраев авариялык жагдайларга мекеме даяр экендигин белгилеп, орун басары сел каптаган аймактарды кыдырып, жеринен таанышуу үчүн жөнөп кеткенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий