• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтына Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Майрамдык иш-чарага мэри Бакытбек Жетигенов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, коргоо министринин орун басары - Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын колбашчысы Алмазбек Карасартов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, РФнРоссиянын Ош шаарындагы башкы консулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюулду.

Андан соң борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган, чыгармачыл топтордун, эстрада ырчыларынын, көркөм чыгармачылык жааматтарынын катышуусунда театралдык, маданий концерттик программа тартууланды.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин согушта көрсөткөн эрдиги кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү экенин белгилеп, Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 1, ооруктун 5 ардагери жашайт.

Пикир

Оставить комментарий