• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун аймагында күн сайын залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/.Ош облусунун аймагында күн сайын залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан коронавирус илдетин алдын алуу боюнча өздүк курамдарга атайын мерчемдин негизинде залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Чон-Алай, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Араван райондорунун дүкөндөрү, дарыканалары, мекеме ишканалардын имараттары, кичи базарлары ошондой эле эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Пикир

Оставить комментарий