• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында "Жаңы кадам" аталышында конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта Ош шаарында 2022-2023-жылдары "социалдык контракттын" негизинде кайтарымсыз жардам алгандардын "Жаңы кадам" аталышындагы биринчи конференциясы өттү.

Ош мэриясынан билдиришкендей, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Конференциянын алкагында "социалдык келишимдин" негизинде жардам алган, жеке ишкерликти ийгиликтүү ишке ашырып жаткан үй-бүлөлөрдүн жарманкеси көрсөтүлүп, аларды колдоо максатында жүргүзүлгөн иштер боюнча баяндамалар жасалды.

Аягында Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий