• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Оштун бир катар жерлеринде газ убактылуу өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бишкек жана Оштун бир катар жерлеринде газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Гаспром Кыргызстан" ЖЧКсынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Бишкектин төмөнкү жерлеринде газ өчүрүлөт:

9-10-сентябрда Л. Толстой көчөсүндөгү №67, 69, 71, 73/2, 77/1 үйлөрүндө жана Черепкидеги №58-61 үйлөрдө;

10-12-сентябрда Юлиус Фучик, Ленская, Лазо көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында, Восток айылында;

Ал эми, Ош шаарында:

10-сентябрда Ак-Тилек кичи районунда;

11-сентябрда Черемушка кичи районунда;

12-сентябрда М.Абжалов көчөсүндө;

13-сентябрда Сулайманов көчөсүндө га з жок болот.

Пикир

Оставить комментарий