• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча коомдук борбор ачылды

Аймак 0

Ош, 07.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймактык башкармалыгында күн мурун кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча коомдук борбор ачылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков, Марказ айылынын башчысы Кубанычбек Тургунов, райондун акими Жаныбек Исаков, тийиштүү орган жекетчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургандар катышты.

Коомдук борбордо аялдар кеңеши, аксакалдар жана аймактык милиционерлер иш алып барышат.

Облус боюнча бардыгы болуп 42 коомдук борбор бар.

Пикир

Оставить комментарий