• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусундагы мал базарлар келерки жумадан тарта иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы мал базарлар келерки жумадан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумадан тарта алыскы райондордо мал базарлар иштеп баштаган.

"Алгачкы мал базар Ала-Букада ачылган. Ал жакта бардык санитардык талаптарды аткаруу менен иштеп баштады. Кийинки жумадан тарта башка райондордогу мал базарлар ишин баштайт. Сузакта үч жерге мал базар уюштуруу сунушталды. Бирок, талапка ылайык мал базарлар жекшемби күнү гана иштейт. Себеби, мурда айрым райондордо мал базарлар ишемби же дүйшөмбү күнү иштечү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий