• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто рейддин жүрүшүндө тилемчилик кылып жүргөн 66 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Ош шаардык милициясынын кызматкерлери шаар аймагында «Камкордук», «Арсенал» жана «Укуктук тартип» аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери өткөргөн «Камкордук» профилактикалык иш-чаранын максаты - социалдык жактан оор шартта жашаган балдардын саламаттыгына камкордук көрүп, алардын кылмыштуулукка баруусуна бөгөт коюу.

Бул иш-чарага жалпысынан 46 кызматкер тартылып, рейд учурунда атайын тизмеде оор шарттарда жашаган 64 үй-бүлөгө барып, колдон келген жардамдарын көрсөтүшкөн.

Соода түйүндөрүндө, мечиттерде, автобекеттер менен жол боюнда тилемчилик жасап жүргөн 66 жаш өспүрүмдү аныкташты. 2 өспүрүм атайын интернатка жайгаштырылды. 6 өспүрүм жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясына атайын тизмеге коюлуп, милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды.

«Балдарынын тагдырына кайдыгер мамиле жасап, мектепке жөнөтпөстөн үй-бүлө түйшүгүн моюнуна арткан 41 ата-эне менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, анын 24үнө Кыргыз Республикасынын Бузуулар тууралуу Кодексинин 61-беренесине ылайык (ата-энелик милдеттерден качуу) айып салынды», - деп айтылат маалыматта.

«Арсенал» аталыштагы профилактикалык бир күндүк иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мурда болгон төрт кылмыштын бети ачылды.

Өз ыктыяры менен атуулдар 6 ок атуучу курал-жарактарын тапшырышты. Алардын ичинен төртөө сайсыз курал, бирөө травматикалык тапанча.

«Укуктук тартип» аттуу профилактикалык иш-чара шаардын аймагындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алууга карата багытталган иш-чара учурунда шаар аймагында мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылган.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодекстин талаптарын бузган 57 жаранга протокол түзүлүп, айып салынды. 371 кожолук жана мурда соттолгон, башкармалыкта каттоодо турган 344 жаран текшерилип, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган маектешүүлөр жүргүзүлдү.

Түнкүсүн чоӊ адамдардын коштоосуз жүргөн 32 адам балдардын реабилитация борборуна алынып келинди.

Ош шаарынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий