• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар үчүн Манас мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорду тандоо боюнча биринчи пилоттук сынак болуп өттү.

Директорлук кызматка талапкер болгон 7 талапкердин ичинен төртөөнүн керектүү документтери толугу менен талаптарга ылайык келип, алар толук автоматташтырылган компьютердик тестирлөөгө катышууга укук алышты.

Сынактын жүрүшү түз эфирде Билим берүү жана илим министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, жарандык коомдун өкүлдөрү Талас мамлекеттик университетинин аудиториясында сынактын жүрүшүнө көз салып турду.

Тест бир жарым саатка созулуп, ага “Башкаруучулук менеджмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик укуктук актылар”, “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, дароо берилген натыйжага ылайык, эң көп балл топтогон жана 60 босоголук пайыздан өткөн катышуучу жеңүүчү болуп табылып, Манас интернат-лицейинин директору аныкталды. Калган талапкерлер босоголук 60% өтпөй калгандыктан, Чалдыбар мектеп-интернатынын директору кызматына бош орун ачык бойдон калды.

Белгилей кетсек, компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз берген. Бирок апелляциядан кийин дагы жыйынтык өзгөрүүсүз калды.

Пикир

Оставить комментарий