• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто унааларды уурдап, айдоочу болуп иштеген өспүрүм кармалды

Аймак 0

Ош, 14.11.18. /Кабар/. Ош шаарында 10-ноябрда эки унааны уурдаганга шектүү катары бир өспүрүм кармалган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Ош шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 21-23-октябрь күндөрү сатуу үчүн унаа базардын жанына токтоткон “Тико” маркасындагы унаасын уурдап кетишкендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен кайрылган 23 жаштагы жабырлануучу Кукумбий көчөсүндөгү үйүнүн жанына токтотуп койгон унаасын уурдатып алгандыгын айткан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган кылмыштарга шектүү деп Ош шаарынын тургуну Д.М. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган жарандын айтуусунда, ал унааларга туура келген ачкычтарды таап, аларды уурдап айдап кеткен. Шектүү түнү бою айдоочу болуп иштеп, андан соң уурдалган унааларды шаардын четине таштап кетчү. Анын көрсөтмөсүнө караганда эки унаа тең табылган.

Аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Сот өспүрүмгө карата баш коргоо чарасын карап чыгат.

Пикир

Оставить комментарий