• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия тиешелүү кызматтар Бишкек көчөлөрүндөгү карды күнү-түнү тазалоодо деп ишендирүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үч күндөн бери шаардык көчөлөрдү күнү-түнү кардан тазалап жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үч күндүн ичинде 954 тонна кум, 82 тонна туз себилген. Учурда көчөлөрдө 30 атайын техника, жол колдонуу бөлүмүнүн 20 жана “Тазалыктын” 740 кызматкери иштеп жатат.

Кыш мезгилинде Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү муз маселеси жаз келгенче өтө курч маселелерден болуп келет, анткени ал адамдардын коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу.

Ошол себептен мэрия ар бир соода-борборлор, дүкөндөр жана башка уюмдар өздөрүнө тийиштүү жерлерди кардан тазалоосу керек экендигин эскертет.

Жолдо тазаланбаган кар же башка көйгөй тууралуу сүрөттөрдү WhatsApp тиркемеси аркылуу кийинки номурларга жөнөтүүгө болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 61-18-06.

Ошондой эле 185 жана 1840 телефондоруна чалып 0554 -182-185 номуруна сүрөт жөнөтсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий