• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 10.05.24./Кабар/. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот.

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий