• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Саясат 0

Санкт-Петербург, 06.12.18. /Кабар/. Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Жолугушуу салтка айлангандай эле кол алышуу жана сүрөткө түшүү менен башталды.

Өлкө башчыларынын жолугушуусу Сенат аянтындагы Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада өтүүдө.

Буга чейин кабарлангандай, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн отуруму Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтөт.

Жыйында тараптар уюмдун ишмердүүлүгүн жана 2018-жыл ичиндеги аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарышмакчы.

Андан тышкары, евразиялык интеграция жана соода, энергетика, санарип экономика сыяктуу маселер талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий