• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда жер көчкү активдешип, 10 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Учурда жеринде ӨКМдин жана райондук Жарандык коргоо кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Ал эми үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жер көчүү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда 1 миңден ашуун үй-бүлө жашайт.

ӨКМ тарабынан жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскертүү баракчалары таратылат.

Пикир

Оставить комментарий