• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгына байланыштуу №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу өзгөртүлдү.

Белгиленгендей, троллейбус жол кырсыгынын кесепеттери жоюлганча "Жал" кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган. Автобус айдоочусу өзүн жаман сезип, троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий