• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кант РЭТи 43 трансформатордук көмөкчордонду капиталдык оңдоодон өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынан 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине карата коюлган пландын алкагында кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, Кант РЭТи тарабынан 43 трансформатордук көмөкчордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Аба чубалгыларына тийип калган 350 чакырым бак бутактары кесилди.

Андан тышкары, 2 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгыларын тартылды жана калк жыш жайгашкан аймакта 2 даана трансформатордук көмөкчордондун кубаттуулугу 250 кВАдан 400 кВАга жогорулатылган.

Пикир

Оставить комментарий