• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК төрагасы Сузактагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди.

"Регион" телеканалы билдиргендей, Барпы айылындагы 4 балалуу үй-бүлө турак-жайга муктаж болуп келген. Эскилиги жеткен жайда күн кечирген үй-бүлөдөгү мектеп курагындагы кыздары Камчыбек Ташиевге кат жазып, жардам берүүсүн суранышкан.

Кайрылуу Камчыбек Ташиевге жеткен учурдан тартып, тез арада аталган үй-бүлөгө жаңы там курулуп баштаган.

Бүгүн, 4-майда, жашоо үчүн бардык шарттары бар турак жай айыл элинин жана Камчыбек Ташиевдин катышуусунда үй ээлерине тапшырылды.

Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын тапшырып жатып, бул сыяктуу кайрымдуулук иштерди жасоо ар бир мүмкүнчүлүгү бар адамдарга зарыл экенин, өзү тарабынан ондогон жылдардан бери башкаларга үлгү катары жасалып келе жаткан кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантаарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий