• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы кызматкерлери өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан 5 млн сомдук товарды кармашты

Аймак 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан дээрлик 5 млн сомдук товар кармалды.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери “Кызыл-Кыя” алдын ала бажы процедураларын өткөрүү жайында Кыргызстандын “А. А.уулу” аттуу жараны айдап келе жаткан “Вольво” унаасы токтотулган. Унаанын жүк салынган бөлүгүн текшерүү учурунда декларацияланбаган товарлар аныкталган – турмуш-тиричилик техникасы, ич кийимдер жана азык-түлүктөр.

Мыйзамсыз ташылып келген товардын баасы 4 млн 740,3 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий