• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында 630 көп кабаттуу үй жана 1,5 миң менчик турак жай дезинфекцияланды - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 630 көп кабаттуу үй жана 1,5 миң менчик турак жай дезинфекцияланды. Бул тууралуу Ош шарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди.

Анын айтымында, залалсыздандыруу иштерине 4 атайын техника жана 6 жөө жүрүүчү бригада тартылган.

"ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгы тарабынан шаардагы 428 миң чарчы метр имараттардын ичи, 270 миң чарчы метр имараттардын сырты жана 486 миң метр көчө дезинфекцияланды", - дейт ал.

Топчубаев дезинфекциялоо иштерине ыктыярчы топтор да тартылганын белгилеп к

етти. Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ге жетти. Алардын ичинен 221и медицина кызматкери. Илдеттен 614 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий