• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Аксы районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аксы РИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Райондук штаб тарабынан кабыл алынган чечимдер жергиликтүү тургундарга жеткирилип, тиешелүү санитардык нормаларды сактоо талаптары коюлууда.

Милиция кызматкерлери жарандарды жугуштуу илдетти жуктуруудан алыс болууга үндөп, медициналык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүүгө чакырышууда. Ал эми РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлеген аймактарындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жалпы профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан сырткары өздүк курам арасында коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн РИИБдин имаратында кошумча дезинфекциялык иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий