• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте велосезондун ачылышы болду — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана "Вело friends позитив kg" коомдук уюмунун президенти Данил Кыдыралиев катышты.

Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган веложүрүш Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында башталып, У.Салиева атындагы скверде жүрүшүн аяктады.

Ошондой эле веложарыштын бардык катышуучулары көңүл ачуучу иш-чараларга жана ар түрдүү сынактарга күбө боло алышты.

Бул спорттук иш-чарага 800гө жакын вело сүйүүчүлөр, спортчулар, жана муниципалитетинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана "Вело friends позитив kg" уюму тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий