• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Эртең, 1-мартта көпчүлүк аймактарда күн ачык болот, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12 градус, Таласта түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7 градус болушу ыктымал.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 10…12 градус.

Пикир

Оставить комментарий