• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун медиа жана маалымат министрлеринин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) медиа жана маалымат суроолору боюнча министрлеринин жана жогорку даражалуу кызмат адамдарынын 5-жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгы тарабынан уюштурулду.

Жыйынга КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Азербайжандын Медиа өнүктүрүү боюнча агенттигинин аткаруучу директору Ахмад Исмаилов, Казакстандын маданият жана маалымат вице-министри Канат Искаков, Түркия президентинин администрациясына караштуу Коммуникация башкармалыгынын Коомдук дипломатия департаментинин жетекчиси Огуз Гюнер, Өзбекстан президентинин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директору Асаджон Ходжаев жана Түркмөнстандын "Алтын асыр ТВ" телеканалынын төрагасы Орожурди Ходжаназаров катышты.

Жыйындын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу өлкөлөрдүн маалыматтык өз ара аракеттешүүсү, кызматташтык өз ара мамилелер маселелерин кеңейтүү жана уюмга мүчө мамлекеттердин дараметин жогорулатуу маселелери талкууланды.

“Коомдун азыркы шарттарында, тактап айтканда, дүйнөдө маалыматтык чабуулдардын активдешүүсүнө байланыштуу анык эмес маалыматтардын тез жайылышы, Кыргызстанда гана эмес, дүйнө коомчулугунун улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна жана социалдык туруктуулугуна коркунуч жаратып жатканын айтып, ага байланыштуу, түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү катары мамлекеттерибизде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында жалган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу боюнча күч-кубатыбызды биргелешип топтошубуз керек,- деп баса белгиледи жыйындын ачылышында Алтынбек Максутов: .

Ошондой эле министр түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу өлкөлөрүнүн маалымат тармагында өз ара аракеттешүүсү убакыт өтсө да өз актуалдуулугун жоготпойт. Сапаттуу маалыматтык камсыздоо уюмдагы интеграциялык процесстерди ийгиликтүү өнүктүрүүнүн, катышуучу-мамлекеттердин өз ара пайдалуу негизде жакындашуусунун шарты болуп саналарын белгиледи.

Медиа жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү Түрк мамлекеттеринин уюмунун контекстинде бул өлкөлөрдө болуп жаткан олуттуу интеграциялык аспектилерди камтыган маанилүү роль ойнойт. Учурдагы окуяларды эффективдүү чагылдыруу уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого гана жардам бербестен, ар бир өлкөдө болуп жаткан маданий жана экономикалык кайра курууларды түшүнүүнү кеңейтүүгө жардам берет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аркасында түрк өлкөлөрүндө болуп жаткан жетишкендиктерди, прогресстерди байкоого болот. Мындай кадам уюмдун өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты алуу гана эмес, ал маалыматтын дүйнөлүк аудиторияга да жеткиликтүү болушушу маанилүү.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жөнүндө чечим кабыл алынып, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Анын ичине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жана дем берүү, ошондой эле кеңири масштабда маалымат алмашуу багыттары кирди.

Пикир

Оставить комментарий