• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кепилдик фонду сентябрда 47 кыргызстандыкка ипотекалык үй сатып алууга көмөктөшкөн

Экономика 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Кепилдик фонд сентябрда 47 кыргызстандыкка мамлекеттик турак жай программасынын бирин колдонуп ипотекалык үй сатып алууга көмөктөшкөн. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Белгиленгендей, фонд баштапкы төлөмдү жабуу үчүн каражат бөлгөн. Ал турак жайдын баасынын 10%дан 20%га чейинки суммасын түзөт. Сентябрь айында 10,1 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилип, бул дээрлик 100 млн сомдук ипотекалык кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берди.

Ипотекалык кепилдиктер Баткен облусун кошпогондо, республиканын бардык аймактарынын тургундарына берилген. Сентябрь айында берилген кепилдиктердин дээрлик жарымын Чүй облусунун тургундары пайдаланышкан – 23 кепилдик, андан кийин Жалал-Абад облусунун жашоочулары 8 кепилдик менен, 7 кепилдик Ысык-Көл облусунун тургундарына турак жай сатып алууга мүмкүндүк берген, Нарын жана Талас облустарынын өкүлдөрү 6 жана 2 кепилдик алышты жана Ош облусунда 1 кепилдик берилген.

Бүгүнкү күндө турак жай программасы ишке ашырыла баштагандан бери 86 жаран Кепилдик фонддун колдоосун пайдаланып, өз кыймылсыз мүлкүнүн ээси болушту.

Кепилдиктердин жалпы суммасы 22,8 млн сомдон ашык, ипотекалык кредиттердин көлөмү 183 млн сомдон ашты.

Пикир

Оставить комментарий