• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан суу энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 13%ын гана пайдаланууда — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Ташкент, 02.05.24. /Кабар/. Кыргызстан бүгүнкү күндө суу энергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 13%ын гана пайдаланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент эл аралык IIIинвестициялык форумунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын энергетиканы өндүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү жогору.

"Бизде энергиянын дээрлик бардыгы гидроэнергетикадан алынгандыктан, жашыл болуп саналат. Бирок, биз азыркыга чейин мүмунчүлүгүбүздүн 13%га жакынын гана пайдаландык. Өлкөдө изилденген чакан дарыялардын жана суу агымдарынын дүң кошумча гидроэнергетикалык ресурстары 9,287 гигаватт кубаттуулукта жана жылына кеминде 32 млрд киловатт-саат өндүрүүгө болот", - деди ал.

Ошондой эле ал глобалдык чакырыктарды жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү тенденциясын эске алуу менен КР министрлер кабинети инфраструктуралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү киришкенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий