• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кесиптик лицей жана колледждердин директорлугуна талапкерлер сынактан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, тестке төмөнкү 4 багыттагы суроолор камтылган;

- КР мыйзамдары;
- башкаруу менеджменти;
- психология-педагогика;
- адистиги боюнча.

Тестирлөө эки нөөмөттө өткөрүлөт, кесиптик лицейлер боюнча 1 сменадагы тестирлөөгө:

- Бишкек шаарынан – 24;
- Чүй облусунан – 14;
- Талас облусунан – 9;

Ал эми орто кесиптик окуу жайлар боюнча 24 талапкер катышууда, жалпысынан тестке катышууга 140 жаранга уруксат берилген.

Тесттин жыйынтыгы автоматтык түрдө дароо чыгат.

Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурган.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий