• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевге арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Улуу Жеңиш күнүн утурлай Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган митинг-реквием өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте уюштурган.

Митинг-реквиемге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Беларустун мамлекеттик органдарынын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, Минск шаарынын Октябрь районунун коомдук уюмдардын, ишканалардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Жумаш Асаналиев эрдиктин жана Мекенге болгон жан аябас сүйүүнүн символу гана эмес, Кыргызстан менен Беларусь элдеринин ортосундагы түбөлүк достуктун символу болуп саналат.

Митингде Беларустун Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сергей Рачков жана КМШнын Башкы катчысынын биринчи орун басары Леонид Анфимов да сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий