• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Султанбаев Беларустун ички иштер министри менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун ички иштер министри Иван Курбаков менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө маектештер укук коргоо органдарынын эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү, ошондой эле көп тараптуу форматта кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Тараптар укук коргоо органдары аркылуу, анын ичинде кадрларды даярдоо, маалымат алмашуу, киберкылмыштуулуктун алдын алуу жана ишмердүүлүктүн башка актуалдуу багыттары боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий