• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин түндүгү именен түштүгүн байланыштырган жаңы жолдор пайда болот

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду.

Мэриянын маалыматына караганда, Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды.

Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат.

Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 2024-жылдын 6-мартында документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат.

Белгилей кетсек, Шүкүров көчөсү — райондук маанидеги башкы көчө. Жогору жагы Ахунбаев көчөсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү каналга такалып, туюкка кептелчү. Долбоор ишке ашса, И. Ахунбаев менен Медеров көчөлөрү байланышат. Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чыгуучу Кара-Дарыя көчөсү реконструкцияланат.

Эскерте кетсек, учурда шаардын түштүк жана түндүк тарабын түз байланыштырган үч чоң трасса бар (7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Манас).

Пикир

Оставить комментарий