• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрү жашаган даректерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тинтүү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте диний-экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жүргүзүлдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 76 материал табылып, 51 китеп, 10 жарнамалык журнал, 2 телефон, 3 DVD диск, 3 кассета жана 5 флеш-карта алынды.

Табылган китептердин айрымдары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымына таандык. Мындан улам алынган предметтер Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнө карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кыймылдын мүчөлөрүнүн бири А.А. "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, мындан ары аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий