• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктардын жана социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү “TikTok” социалдык түйүнү аркылуу жайылтылган ар түрдүү коомго жат көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин эскертишти. Ата-энелер менен жаштардын ортосундагы мамилени жакшыртуу, үйдө алардын жүрүм-турумун жана кол телефондорун көзөмөлгө алуу, ар кандай видеолорду тартып интернет тармагында резонанс болуудан сак болуу зарылдыгын жеткиришти.

Чогулушка 100дөн ашык ата-энелер катышып, милиция тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулук балдардын келечегине катуу сокку!” аталышындагы видеоролик көрсөтүлүп, атайын ата-энелер үчүн брошюралар таркатылды.

Ал эми Ала-Бука РИИБи тарабынан кылмыштуулукка каршы семинарлар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө жаштарга туура багытта тарбия берүү керектиги белгиленип, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мектеп окуучулары тарабынан коомдогу терс көрүнүштөр сахналаштырылып, катышуучуларга көрсөтүлдү.

Өспүрүмдөргө байланыштуу профилактикалык иштер Кара-Көл ШИИБи тарабынан да өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери жаштарды мекенди сүйүүгө жана коргоого, ар түрдүү кылмыш, кырсыктардан алыс болууга үндөштү. Ата-энелерди балдарын себепсиз көчөгө чыгарбоого, кайда жүргөнүнөн тынымсыз кабардар болуп турууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий