• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын Конья шаарында Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Түркиянын Конья шаарындагы Селчук университетинде кыргыз студенттик коомчулугу тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чара болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Селчук университетинин ректору Метин Аксой катышып, сөз сүйлөштү.

Ошондой эле иш-чарага Селчук университетинин профессордук-окутуучулук курамы, ТРнын университеттеринин студенттери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да катышкан.

"Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданияттын буюмдары (костюмдар, зергер буюмдары, идиш-аяк, сувенирлер ж.б.) көрсөтүлдү, улуттук тамак-аштар ооз тийгизилди, кыргыздын улуттук бийлери менен комуз, чопо-чоор, ооз комузда улуттук чыгармалар аткарылды. Кыргызстан жана Чыңгыз Айтматов тууралуу видеороликтер менен жазуучунун чыгармалары боюнча чакан театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий