• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидиновдун 70 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. КР эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидиновдун 70 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры биргеликте өткөрөт.

2021-жылдын 1-октябрында саат 14:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында илимий-практикалык конференция өтөт. Ал КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан КР Сүрөтчүлөр союзу, КР Театр ишмерлер союзу менен биргеликте уюштурулат. Ошондой эле саат 17:00дө Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында Л.Молдалиеванын “Жат эмесмин” спектакли көрсөтүлөт.

Ал эми 2-октябрда саат 15:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Маратбек Шарафидиновдун жеке сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, аны уюштурууга КР Сүрөтчүлөр союзу көмөктөшөт. Ошол эле күнү саат 17:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залында “Ак Мөөр”спектакли коюлат.

Ал эми 3-октябрь күнү Токмок шаарындагы Н. Байтемиров атындагы маданият сарайында “Аста секин колукту” спектакли коюлат.

Пикир

Оставить комментарий