• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында жайгашкан Алыкул Осмоновдун үй-музейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин балансына алуу пландалууда, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, маданият министри Азамат Жаманкулов кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов өмүрүнүн акырына чейин жашап өткөн Бишкек шаарында жайгашкан үй-музейине барган.

Үй-музей менен тааныштырууну жана анын учурдагы абалы тууралуу маалыматты "Алыкул үй-борбору" коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаев айтып, акыркы жолу ремонт иштери 20 жыл мурун жасалганын маалымдады.

Аталган үй 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга ушул үйдө узаган. Адабият жаатында бүлүк салып, жаш кезинен болуп көрбөгөндөй кыргыз поэзиясынын алпы катары таанылган Алыкул Осмоновдун үй-музейинин абалы оор бойдон болуп турган учуру.

Музей учурда ремонт иштерине муктаж. Андыктан аны оңдоо иштерин жана музей талаптарына ылайык келтирүү үчүн аны Маданият министрлигинин балансына алуу керектигин билдирди министр.

Таанышуу учурунда Азамат Жаманкулов музейдин ичиндеги абал жана экспонттардын талаптагыдай сакталбай жатканына күбө болуп, аны мыйзам чегинде колго алып үй-музейди сактап калуу аракетин көрө тургандыгын жана Министрлик тиешелүү кадамдарды баштай турганын маалымдады.

Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан, шыпкасынан суу кирип, андан өткөн тамчы, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Пикир

Оставить комментарий