• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Киевде Алия Шагиеванын сүрөт-көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Киевде жаш сүрөтчү, КР президенти Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиеванын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Шагиева өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, Киевде жакында көргөзмө өтөт, сүрөттөр болсо ал жакта учурда даярдалууда.

“Жакында барыбыз көрүшүп, мыкты энергия алабыз деп ишенем. Бизге белгисиз шаарга учууга болгону 5-6 күн калды, ал менен таанышып өзгөрүүнү сезүү абдан кызык болуп жатат”,-деп жазган ал.

Көргөзмө “Триптих” галереясында өтөт.

Эске сала кетсек, 2016-жылы Бишкекте Шагиеванын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп, андан түшкөн каражат мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилген.

Пикир

Оставить комментарий