• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз эстрада ырчылары кайрымдуулук концертине катышышты

Маданият 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Кечээ, 27-сентябрда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында кайрымдуулук концерти өттү. Иш чара бөйрөк оорусуна кабылган Джумагулова Тахминага жардам берүү максатында өткөрүлүп, ага эстрада ырчылары жана акындар катышты.

Концертти уюштурган “Добро Кей Джи” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Эрнист Касымалиевдин айтымында, Тахминанын үй-бүлөсү Түркияда өтүүчү кымбат операцияны төлөй албай ага кайрылышкан. Керектүү каражатты топтоо максатында министрликтен уруксат алып, ырчыларды чакырып, элди жыйнап концерт өткөрүп жатканын белгиледи. Эрнист мырза мындай кайрымдуулук иш чараларды байма бай өткөрүп тураарын да билдирди.

Өз ыктыяры менен бекер ырдап берген артисттердин катарын Каныкей Эралиева, Добр, Таалай Тойчубеков, Нон-Стоп тобу, Кеңеш тобу, Руслан Абылов жана башка көптөгөн ырчылар толуктады. Концерт абдан шаңдуу өтүп коноктор көңүл ток кайтышты.

Концерттен түшкөн каражат Тахминанын операциясына жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий