• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым айылдардын электр жарыгынын авариялык өчүрүлүшүнө бактарды кыюу себеп болду

Коом 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Кечээ күнү Чүй облусундагы Чүй районунда (Лесной хутор) белгисиз адамдар теректерди кыя башташкан. Кулап жаткан теректердин бирөөсүү «Юго-Западная» көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысынын ажыраткычына түшүп, электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө алып келген. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, мунун натыйжасында Арал, Ак-Бешим айылдарынын, «Кыргоол» аңчылык чарбасынын жана Лесной хутордун тургундары чыңалуусуз калган. Жыйынтыкта 1 409 кВт.саат электр энергиясы абоненттерге жеткирилген эмес.

Мындай коопсуздук эрежелерин бузуу трагедияга да алып келиши мүмкүн. Эгерде чубалгылар үзүлүп, кокусунан тийишип калса ден-соолукка залакасы тийип, жашоого коркунуч алып келет. Энергетиктерди чубалгыларды өчүрүп, зарыл болсо зымдарды түшүрүп берүү боюнча райондук электр тармакка (РЭТ) берилген жөнөкөй арыз- бак-дарактарды кыюу учурундагы коопсуздук кепилдиги.

Айта кетчү нерсе, зымдардын алдына бактарды тигүү энергетиктерге бир топ маселелерди жаратат. Бактардын бутактары, анын арасынан өткөн аба электр чубалгыларга, кыска туташуу, чубалгылардын үзүлүшү сыяктуу коркунучтарды жаратат. Жаан-чачында жылаңач зымдарга тийген тал-теректердин сөңгөктөрү жана бутактары өткөргүчкө айланат, ал аркылуу ток жерге өтүп кетет. Бутактардын жылаңач зымдар менен тийишүүсү электр учкунун пайда кылат, ал өз учурунда өрт чыгып кетүү коркунучун жаратат.

Аба чубалгылары, кабель чубалгылары сыңары, чыңалуусунун чоңдугуна жараша корголуучу зона катары четки электр берүүчү чубалгы зымдарынын эки тарабына тең эки метрден тарта он беш метрге чейинки жер участогун жана аба мейкиндигин ээлейт.

Ал эми “Электр тармактарын коргоо эрежелерине” ылайык коргоо зонасында курулуш, капиталдуу оңдоо иштерин жургүзүүгө жана мекеме, имараттарды реконструкциялоого тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий