• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.

А.Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин дипломатиялык баскычтарынын баарын өттү.

2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи - кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2022-жылдын 10-февралында КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий