• 88.68
  • 95
  • 0.95

Авазбек Сатымкул уулу Кочкор райондук сотунун судьясы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Авазбек Сатымкул уулу Кочкор райондук сотунун судьясы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда беш жылдык мөөнөткө дайындалган Авазбек Сатымкул уулу ант берди.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяны куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий