• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы: Үч айда 41,8 млн маркалоо коду берилген

Экономика 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын үч айында "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 41,8 млн коду берилген.Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен тамеки продукциялары үчүн 32,3 млн код, алкоголдук продукциялар үчүн 8,2 млн код, текстиль продукциялары үчүн 404,6 миң код, бут кийим продукциялары үчүн 27,7 миң код жана парфюмерия продукциялары үчүн 1,8 миң код берилген.

Маалыматтык система ишке киргизилгенден бери жалпы 780,9 млн маркалоо коду берилген.

Анын ичинде тамеки продукциялары үчүн 660,3 млн код, алкоголдук продукцияла үчүн 119,2 млн код, текстиль продукциялары үчүн 1,1 млн код, бут кийим продукциялары үчүн 80,2 миң код жана парфюмерия продукциялары үчүн 1,8 миң код берилген.

2 миңден ашык товар өндүрүүчү жана импорттоочу "Товарларды маркалоо" системасында катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү маркалоо киргизилген, ал эми 2023-жылдын 1-январынан тартып пиво продукциясын маркалоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-апрелинен тартып экспортерлор жана өндүрүүчүлөр Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоосу зарыл.

Жеңил өнөр жайынын жаңы товардык топтору боюнча маркалоо коддорун Кыргыз Республикасынын маркалоонун жана маркаланган товарларын көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору Альфа Телеком ЖАКтын main.teksher.kg сайтынан заказ кылса болот.

Пикир

Оставить комментарий