• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кыргызнефтегаз" акыркы үч жылда кандай ийгиликтерге жетишти?

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги "Кыргызнефтегаз" ААКтын акыркы үч жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө "Кыргызнефтегаз" өлкөдө мунай жана газ өндүрүү боюнча эң ири ишкана болуп саналат.

Төмөндө ишкананын акыркы үч жылдагы негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү келтирилген.

Мунай өндүрүү

  • 2023-жыл 184 мин тонна
  • 2022-жыл 178 мин тонна
  • 2021-жыл 173 мин тонна өндүрүүгө жетишкен.

Газ өндүрүүдө дагы жылыштар бар

  • 2023-жыл 27млн м3;
  • 2022-жыл 29 млн м3;
  • 2021-жыл 22 млн м3 аткарылды.

2023-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше 2 млрд 621,2 млн сомду түздү.

Ал эми 2023-жыл аралыгында бюджетке: салык төлөмү 1 млрд 477 млн сом, Соцалдык камсыздандырууга 469 млн ом, ошондой эле мамлекеттик үлүшкө болгон дивиденттин төлөмү 857 млн. сомду түздү. Баардыгы болуп мамлекетке болгон төлөмдөр 2 млрд 803 млн сомго аткарылды.

Айлык маяна

"Кыргызнефтегаз" ААКта жумушчулардын маянасы үч ирет көтөрүлдү. Башкармалыктын чечими менен 2023-жылдын декабрь айынан баштап, 10%га жогорулатылган айлык маяналарды ала башташты. 2 жыл ичинде айлык маяна жалпысынан 54%га көтөрүлдү.

Мобилдик бургулоочу станок

"Кыргызнефтегаз" 384 млн 602 миң 138 сомго ААК ZJ-40 атылышындагы кубаттуу стационардык бургулоочу агрегатын сатып алды. Жаны бургулоочу станок Кытай мамлекетинен алынды. Биздин компания үчүн бул чон жетишкендик. Мунай өндүрүүдө аталган техниканын орду чон. Учурда ишканада 7 бригадалык топ ишин жүргүзөт:

  • ZJ-15 — 1 даана
  • ZJ-40 — 2 даана
  • Барс- 140 — 1 даана
  • Бу-75Бр Э — 1 даана
  • Уралмаш 4Э — 2 даана

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өткөн жылы кубаттуу бургулоочу жаңы техниканы ишке киргизген. Россиянын “Автократ” ишканасы "Барс-140" аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын ишкананын буюртмасы менен жасаган болчу.

Техника

"Кыргызнефтегаз" ААКу материалдык техникалык базасын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет. Акыркы 3-жылда 90 даана жаңы атайын техника сатып алынган. Бүгүнкү күндө Технологиялык транспорт башкармалыгында 332 даана техника бар.

Чалгындоо

Сузакта изилдөө, чалгындоо максатында мунай жана газ багытында бургулоо жумуштары башталды!

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу «Междуреченский» атылышындагы кен орун алган жердин өнөр-жайлык маанисин толук аныктоо үчүн, аймактын геологиялык түзүлүшүн изилдөө иштери башталды. Учурда 1400 мерт терендике чейин бургулоо иштерги жүргүзүлдү. Жалпысынын 3000 метр терендике чейин казуу пландалган.

Кең аймактар

"Кыргызнефтегаз" ААКтын балансында иштетилип жаткан 14 мунай жана газ кени бар. Бунун ичинен 3 лицензиялык аймакта изилдөө, чалгындоо багытында.

Жаңы курулган коттедждер

Быйыл Арстанбап айыл аймагында жайгашкан "Кыргызнефтегаздын" "Зорька" эс алуу борборуна 300 орундуу 10 коттедж курулуп, пайдаланууга берилди. "Зорька" эс алуу борборундагы эскилиги жеткен имараттар 1964-жылдары курулган. Жаңы курулган ар бир коттедждин аянты 140 м2, 30 орундуу, ар биринин өзүнчө санузел, жуунучу жайлары бар жана онлайн коопсуздук байкоочу камералар менен жабдылган. Алдынкы жылдары дагы жаңы коттедж куруу пландалууда.

Ысык-Көл жээгинде "Нефтчи" эс алуу зонасы ачылды

Өткөн жылы "Кыргызнефтегаз" ААКнун кызматкерлери үчүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Нефтчи" эс алуу зонасы ачылды. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан. "Нефтчи" эс алуу аймагы эки имараттан турат. Эс алуучулар үчүн толук кандуу ыңгайлуу шарттар жаратылган.

"Кыргыз Петролеум Компани"

"Кыргыз Петролуем Компани" мунайды кайра иштетүүчү заводту 2026-жылга чейин модернизациялоо иштерин бүтүрүү, дүйнөлүк стандартка туура келген К-5 үлгүсүндөгү өнүмдү чыгарууга башкармалык кызуу аракеттерди жүргүзүүдө. Учурда техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөн. Каржы булактары табылып, тийиштүү тараптар менен келишимдерге кол коюлду.

Спорт

Ишкана спорт тармагына көнүл буруп, жаштарга жакшы шарттарды түзүп, колдоо корсотуп келет. Эркин күрөш боюнча спортчулар эл аралык мелдештерде татыктуу орундарды багындырып келүүдө. Ошондой эле “Нефтчи” футболдук клубун каржылап келүүдө. “Нефтчи” футболдук командасы өлкөбүздүн ички беттештеринде ийгиликтерди жаратып келет. Ошондой эле эл аралык беттештерде татыктуу оюн жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий