• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте балдар арасында жазгы спартакиада өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкекте Ю.Фучик атындагы сейил бактын жана №103 орто мектептин спорт аянтчаларында балдар арасында жазгы спартакиада өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 6-апрелден 14-апрелге чейин орун алды

Мелдештер спорттун 7 түрү боюнча (пионербол, кичи футбол, шахмат, ордо, тег-регби, дартс, балдар атлетикасы) 2012-2013-жылдары төрөлгөн балдар арасында өттү. Жалпысынан 268 бала катышты.

Пионербол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
1-орун-Свердлов району;
2-орун-Ленин району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Биринчи май району.

Дартс боюнча:
1-орун-Свердлов району;
2-орун-Биринчи май району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Ленин району.

Шахмат боюнча:
1 – орун-Ленин району;
2-орун-Октябрь району;
3-орун-Биринчи май району;
4-орун-Свердлов району.

Ордо боюнча:
1-орун-Биринчи май району;
2-орун-Октябрь району;
3-орун-Ленин району;
4-орун-Свердлов району.

Тег-регби боюнча:
1 - орун-Ленин району;
2-орун-Биринчи май району;
3-орун-Свердлов району;
4-орун-Октябрь району.

Балдардын жеңил атлетикасы боюнча:
1 – орун-Ленин району;
2-орун-Свердлов району;
3-орун-Октябрь району;
4-орун-Биринчи май району.

Кичи футбол боюнча:
1-орун-Октябрь району;
2-орун-Свердлов району;
3-орун-Биринчи май району;
4-орун-Ленин району.

Жеңүүчү командалар диплом, медаль жана кубок менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий