• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогунда ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Эртең, 18-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогундагы оюндарга катышып баштайт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, күн мурун "Бангкок Арена" стадионунда спортчулардын расмий машыгуулары болду.

Азия кубогу – 2024 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт. Тайпалык баскычта кыргызстандык футзалчылар Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен кездешет.

Кыргызстандык футзалчылардын старттык беттеши эртең япониялыктарга каршы өтөт. Оюн “Бангкок Аренада” өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий